17:09 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
МП Ош-Тазалык получило 13 единиц новой спецтехники

Ош мэриясы муниципалдык ишканаларга жаңы 15 техника сатып берди. Сүрөт

© Фото / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
52620

Калаа башчысы "Ош-Тазалык" ишканасына 13 атайын унаанын ачкычын тапшырды.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев "Ош-Тазалык" ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган атайын адистештирилген жаңы техникаларды тапшырды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

  • На центральной площади города Ош коммунальным предприятиям города вручили ключи от новой спецтехники, закупленной за счет средств местного бюджета
    Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев "Ош-Тазалык" ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган атайын адистештирилген жаңы техникаларды тапшырды
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • На центральной площади города Ош коммунальным предприятиям города вручили ключи от новой спецтехники, закупленной за счет средств местного бюджета
    Бүгүн, 21-августта, Ош шаарынын борбордук аянтында "Ош-Тазалык" ишканасына 13, муниципалдык менчик башкармалыгына 1, шаардык турак жай-коммуналдык башкармалыгына 1 жаңы техниканын ачкычын тапшыруу аземи болду
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • На центральной площади города Ош коммунальным предприятиям города вручили ключи от новой спецтехники, закупленной за счет средств местного бюджета
    Шаар мэри жаңы техникаларды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • На центральной площади города Ош коммунальным предприятиям города вручили ключи от новой спецтехники, закупленной за счет средств местного бюджета
    Ошондой эле Оштун жергиликтүү бюджетинен биринчи жолу ири суммадагы каражат бөлүнүп, муниципалдык ишканаларга техника алынганы белгиленди.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Фото / Зульфия Тургунова
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев "Ош-Тазалык" ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган атайын адистештирилген жаңы техникаларды тапшырды

Бүгүн, 21-августта, Ош шаарынын борбордук аянтында "Ош-Тазалык" ишканасына 13, муниципалдык менчик башкармалыгына 1, шаардык турак жай-коммуналдык башкармалыгына 1 жаңы техниканын ачкычын тапшыруу аземи болду.

Шаар мэри жаңы техникаларды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.

"Ош-Тазалык" ишканасынын техникаларынын эскилиги жеткенин эске алып, өзүбүздүн күчүбүз менен жаңы техникаларды алдык. Бул албетте толук жетиштүү эмес. Жакынкы айларда Европадан да техникалар келет. Мындан тышкары, үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен таштанды контейнерлери да жаңыланат", — деп айткан калаа мэри.

Ошондой эле Оштун жергиликтүү бюджетинен биринчи жолу ири суммадагы каражат бөлүнүп, муниципалдык ишканаларга техника алынганы белгиленди.

Тема боюнча

ИИМ Кытайдан сооттолгон автоунааларды белекке алды. Сүрөт
Белгилер:
мэр, Таалайбек Сарыбашев, техника, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ