УКМК: өтмөктөр боюнча мэриянын 7 кызматкери жоопко тартылууда

Жазылуу
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга өткөрүлүп берилди. Тергөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жети кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2018-жылы Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Чүй проспектиси жана Абдырахманов көчөсү, Манас жана Чүй проспектилериндеги жер алдынан, ошондой эле Курманжан датка ("Аламүдүн" базары) жана Шабдан баатыр ("Мадина" базары) көчөлөрүндөгү жер үстүнөн өтүүчү өтмөктөрдүн капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн сынактарга текшерүү жүргүзүлгөн.

"Натыйжада 498,9 миң сомдук иштин баасын жогорулатуу боюнча факт аныкталып, 122,3 миң сомго жасалчу иштер ортомчулар тарабынан четтетилген. Ошентип жалпысынан Бишкек шаарынын казынасына 376,6 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Кой-Таш айылындыгы башаламандык. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК Кыргызстанда башаламандык болот деп аудио тараткан аялды тапты
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга өткөрүлүп берилди. Тергөө жүрүп жатат.

Аталган факты 2019-жылдын 14-августунда Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0