Азимбек Бекназаров Кой-Таш окуясы боюнча ИИМге сурак берип чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКнын экс-депутаты Азимбек Бекназаров. Архив
ЖКнын экс-депутаты Азимбек Бекназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бекназаров 7-8-августтагы Кой-Таш окуясынын сотко чейинки иштеринде күбө катары чакырылганы айтылды.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Азимбек Бекназаров 20-августта ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылган. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, Бекназаров 7-8-августтагы Кой-Таш окуясынын сотко чейинки иштеринде күбө катары чакырылган.

Маалыматта, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов отвечает на вопросы журналистов после допроса в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берип чыкты
Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Айрым автоунаалар өрттөлүп, кээ бирлерин таш менен талкалашкан. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Андан соң "Ала-Тоо" аянтына жүздөгөн адам чогулуп, массалык башаламандык уюштурган. Аларды күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ жана катуу үн чыгаруучу каражаттарды колдонуп тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0