Эки жумадай калды! Үй-жай, унаа, жерге салык төгө электерге кулак кагыш

© Sputnik / Табылды КадырбековУнаанын ачкычы жана акча каражаттары. Архив
Унаанын ачкычы жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынары белгиленди.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Сентябрда транспорт, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Аталган ведомство бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү жакындап калганын эскертти.

"Ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына, 2-сентябрга чейин турак үй, батир (ишкерлик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу чарба жер участоктору) төлөө зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Калькулятор жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эми мамлекеттик кызматкерлер салыктарды жумушунда отуруп төлөй алат
Маалыматта салыкты бардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төгүүгө болору белгиленет.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынары айтылат.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болору кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0