Калкты тейлөө борборлорунун иштөө убактысы өзгөрдү

© Sputnik / Каныбек БейшенбековКалкты тейлөө борборлору. Архив
Калкты тейлөө борборлору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган борборлор түшкү тыныгуусуз иштей бермекчи.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкектин Калкты тейлөө борборлору мурунку график менен, саат 9.00дөн 18.00гө чейин, иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мамбетов: Калкты тейлөө борбору мыйзам бузса 119га чалыңыз
Белгилей кетсек, МКК аталган борборлор 26-июндан тарта сынамык долбоордун алкагында 8.00дөн 19.00гө чейин тынымсыз кызмат көрсөтө турганын айткан.

Бирок долбоордун жыйынтыгы мындай график эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана көрсөтүлгөн кызматтын сапатына терс таасирин тийгизери аныкталган. Мындан тышкары, штаттын чектелүүлүгүнөн улам функцияларды кайра бөлүштүрүп чыгуу зарылдыгы пайда болгон.

Жумуш күнү кыскарганы менен Калкты тейлөө борборлору түшкү тыныгуусуз иштей бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0