Кыргызстанда 48 миң бала электрондук кезек менен бакчага кирди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБала бакчадагы балдар. Архив
Бала бакчадагы балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Ысык-Көл аймактары да "Электрондук кезек" программасына кошулууга кызыкдар.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 48 миң бөбөк электрондук кезек менен бала бакчанын босогосун аттады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, "Бала бакчалардагы электрондук кезек" долбоору Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2017-жылы иштелип чыгып, Бишкек, Ош шаарларында 2018-жылдын март айынан тарта иштей баштаган.

"Долбоор ишке аша баштагандан тарта бул программа менен 48 миң бала бакча босогосун аттаган. Кезекке турууга 115 500 бөбөктүн ата-энеси арыз менен кайрылган", — деп жазылат маалыматта.

Билим берүү министрлигине Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Ысык-Көл аймактары "Электрондук кезек" программасын кошуу боюнча арыздарын беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0