"УКМКда жашап атпаймынбы..." Айбек Калиев соттогуларды күлкүгө салды

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев"Улуттукэнергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев. Архив
Улуттукэнергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калиевдин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев сот залында отургандарды күлкүгө салды. Бул туурасында сотко катышкан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Бүгүн, 20-августта, Бишкек шаардык сотунда ТЭЦти модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган аткаминерлердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жараян болгон.

"Сот Айбек Калиевдин аты-жөнүн, туулган жылын тактап жатып, жашаган жерин сураганда ал УКМКнын тергөө абагынын дарегин айтып алды. Буга түшүнбөй калган сот "делодо башка дарек жазылып турбайбы?" деп кайра сураганда, "ал жакта менин үйүм да" деп жооп берди. Буга залда отургандардын баары күлүп жиберди. Калиев сөзүн оңдоп, "азыр мен УКМКнын СИЗОсунда жашап жатам да" деп тамашалады", — деди кабарчы.

Соттун жүрүшүн фото, видеого тартууга уруксат берилген жок.

Белгилей кетсек, Калиев 2018-жылдын апрель айында Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.

Заместитель начальника ГУПМ МВД КР Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан
Айдоочуларды кур тагынууга чакырган Саркулов күлкүгө калды. Видео
Сот залына экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Нурлан Биримкулов, "Электр станциялары" ААКнын башкы директорлугун аркалаган Салайдин Авазов жана аталган ишкананын директорунун мурдагы биринчи орун басары Жолдошбек Назаров алып келинди. Ал эми Осмонбек Артыкбаев, Сапар Исаков ден соолугуна байланыштуу келе алган жок. Мындан сырткары, үй камагында жүргөн экс-каржы министри Ольга Лаврова катышты.

Натыйжада судья райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, жактоочулардын даттануусун канааттандырган жок.

Башкы прокуратура Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык аракеттерге катыштыгы бар деп жогоруда аталган сегиз кызматкерди айыптап, материалдарды Свердлов райондук сотуна өткөрүп берген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин буга чейин берген маалыматы боюнча, Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнүн аныктаган. Анын кесепетинен өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0