Улак тартуу сунушталса, баш тарта көрбөңүз! Forbes Кыргызстан тууралуу жазды

Жазылуу
Журналист Кыргызстанда эки күн жүргөн. Биринчи күнү ага борбор калаанын кооз жерлерин, экинчи күнү улак тартууну көрсөтүшкөн.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Белгилүү америкалык Forbes журналы "Казакстандан Өзбекстанга чейин. 14 күндүн ичинде өз көзүм менен көргөн "стандар" деген материалын жарыялады.

Макаланын автору трэвел-журналист Брианна Уилсон. Анда ал Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон сапарында алган таасири менен бөлүшкөн.

"Стан" өлкөлөрүнө Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирет. Ал жакта туризм анча өнүккөн эмес. Кай жакка бара жатканыңды уккан көпчүлүктүн көзү алайып калат", — деп жазган Уилсон.

Саякатчы Борбор Азия региондору кээде туристтердин тизмесинин сыртында калып кете турганын белгилейт.

"Борбор Азия өлкөлөрү Кавказдын батышы, Кытайдын чыгышы жана Россиянын түштүк тарабы менен чектешет. Бул аймактар саякатчылардын көңүл чордонуна түшпөй жатканына таң каласың", — деп жазган журналист.

Forbes журналисти Кыргызстанда эки күн жүргөн. Биринчи күнү ага борбор калаанын кооз жерлерин, экинчи күнү улак тартышты көрсөтүшкөн.

Кыргызстандык жаш ишкер, Азиянын экоазыктары компаниясынын негиздөөчүсү Дастан Өмүралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Forbes кыргызстандык жигитти келечеги кең алдыңкы 30 ишкердин катарына кошту
"Бул силер Америкада күн сайын ойной турган оюн эмес, ал кыргыз маданиятынын бир бөлүгү. Эгер сизге бир улакчы чогуу улак тартууну сунуштаса, эч качан баш тартпаңыз", — деп жазат Уилсон.

Америкалык жергиликтүү тургундардын меймандостугуна жана кыргыз ашканасына өзгөчө суктанган.

"Боз үйдүн ичинде отурасың, столдо толтура нан жана таттуулар. Картошка, камыр жана эт кошулган шорпону алып киришет. Бул учурда үйдүн ээси келет да тамакты бейтаныш адамдар менен отуруп ичет. Бул учур мага Кыргызстандагы саякатымдын эң эле жаркын элеси болду", — деп жазган Уилсон.

Белгилей кетсек, буга чейин Forbes журналы Кыргызстанды ат минип кыдырууга ыңгайлуу болгон эң мыкты өлкөлөрдүн сап башына чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0