Сентябрда кошумча эс алабызбы? Өкмөттүн чечими

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргыз Республикасынын желеги. Архив
Кыргыз Республикасынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы Эгемендүүлүк майрамы ишемби күнгө туш келет, бирок кошумча эс алуу күн каралган эмес.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. 2019-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда кошумча эс алуу күндөр болбойт. Мындай чечимди өкмөт 2018-жылдын декабрь айында кабыл алган.

Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: 2-сентябрь жумуш күнү болот
31-август - Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамы (календарда кызыл болуп белгиленген) ишембиге туш келгендиктен 2-сентябрь, дүйшөмбү, эс алуу күн болушу керек эле. Бирок дем алыш күндөрдү туура колдонуу үчүн аны 4-январга жылдырышкан. Башкача айтканда, 2019-жылдын январь айында кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан.

Мыйзамга ылайык, эгер майрам ишемби же жекшемби күнгө туш келип калса, кийинки иш күн дем алыш болот.

Быйылкы жылдын майрам күндөрү кайсы убакытка туш келгенин атайын календардан карап алсаңыздар болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0