Кыргызстанда 11 унаага аталышы жазылган номер сатылды. Баасы жана тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековУнаадагы мамлекеттик номер. Архив
Унаадагы мамлекеттик номер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө номерлерди сатуудан түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. "Инфоком" мамлекеттик ишканасы 2017-жылдан тарта аталышы жазылган 11 мамлекеттик номерди 100 миң сомдон сатты. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө номерди сатуудан түшкөн бир миллион жүз миң сом өлчөмүндөгү каражат өлкө бюджетине которулганы айтылат.

Сатылган номерлердин тизмеси:

— AMG;

— DXB F3;

— RIS;

— LEXUS;

— VIP 01;

— LX1AAA;

— NOK 01;

— NOK 02;

— NOK 03;

— NUZHDOV;

— CRUISER.

Бул сыяктуу аты жазылган номерлерди ар бир кыргызстандык сатып алса болот. Бул үчүн "Унаа" мамлекеттик мекемесине арыз менен кайрылып, банк аркылуу керектүү сумманы төлөө шарт. Ошондой эле автоунаа өзүнүкү экенин далилдеген документ болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0