Бишкектин айрым бөлүгүндө таза суу убактылуу өчүрүлөт. Тизме

© AFP / FRANCK FIFE Стаканга суу алып жаткан аял. Архив
Стаканга суу алып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таза суу эртең мененки саат 10.00дө токтоп, кайра 21.00дө берилет.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. 22-август күнү Бишкектин айрым аймактарында суу түтүктөрүнө жасала турган профилактикалык иштерге байланыштуу таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Таза суу төмөнкү райондордо эртең мененки саат 10.00дө токтоп, 21.00дө берилет:

  1. 12-кичирайон;
  2. 11-кичирайондогу №12/1, 13/1, 14/1, 6/1, 14/2 үйлөр;
  3. Асанбай кичирайонундагы №52 үй;
  4. 7-кичирайондогу №14, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 44, 45, 46, 47, 48, 49, 49/2, 53/2, 53, 53/3, 49/6, 49/7 үйлөр;
  5. "Ницца" шаарчасы;
  6. "Көк-Жар" конушу;
  7. Борбор Азиядагы Америка университети.

Ал эми 5-кичирайондогу №28, 29, 30, 30а, 32, 33, 34, 35, 36, 63, 64, 65, 68, 69, 70, 71, 72, 72/1, 73, 79, 80, 81, 82, 82/1, 59, 61, 56а үйлөрүндө таза суунун басымы төмөндөйт.

"Бишкексууканал" ишканасы элди алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0