Атамбаевдин дагы бир тарапташы камакка алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев бир жарым айга камакка алынды. Бул туурасында ИИМден кабарлашты.

Ички иштер министрлиги мекеме аралык иликтөө тобу Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.

"Фархад Баабиев 7-8-август күндөрү массалык башаламандыкка катышканы белгилүү болду. 16-августта ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси боюнча ("Массалык баш аламандыкка катышуу") иш козголду. Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, ушул жылдын 9-октябрына чейин абакта калтырды", — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеде Баабиевдин кайсы абакта экендиги такталган эмес.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, ал КСДП партиясынын Ленин районундагы өкүлү катары Атамбаевди коргоого активдүү катышып келген.

Кой-Таш окуясы

Прилёт в Уфу Президента Киргизской Республики Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган 120 мүлкүнүн тизмеси жарыяланды
Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта атайын операция жүргөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 130дан ашуун киши ар кандай жаракат алган.

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген. УКМКга алып келинген мурунку президент Биринчи Май райондук соту 26-августка чейин камакка алынган.

16-август күнү Атамбаевдин жактоочулары тарабынан берилген доо арыздын негизинде көчмө жыйын өтүп, Бишкек шаардык соту аны камакта калтыруунун мөөнөтүн ошол боюнча калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0