Сот Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартты. Сот залынан сүрөттөр

© Sputnik / Эламан КарымшаковЧуй облустук соту экс-депутат Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартты
Чуй облустук соту экс-депутат Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖАМК саясатчыга мунапыс берип, жаза мөөнөтүн үч жыл төрт айга кыскартууну сунуштаган.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чуй облустук соту экс-депутат Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы сот залынан билдирди.

© Sputnik / Эламан КарымшаковСуд по делу экс-депутата ЖК Садыра Жапарова
Чуй облустук соту экс-депутат Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чуй облустук соту экс-депутат Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартты
© Sputnik / Эламан КарымшаковСуд по делу экс-депутата ЖК Садыра Жапарова
Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчыга мунапыс берүү сунушу менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылган. Бирок ал канааттандырылган эмес. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчыга мунапыс берүү сунушу менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылган. Бирок ал канааттандырылган эмес.
© Sputnik / Эламан КарымшаковСуд по делу экс-депутата ЖК Садыра Жапарова
Бүгүн облустук сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бүгүн облустук сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
1/3
Чуй облустук соту экс-депутат Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартты
2/3
Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчыга мунапыс берүү сунушу менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылган. Бирок ал канааттандырылган эмес.
3/3
Бүгүн облустук сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчыга мунапыс берүү сунушу менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылган. Бирок ал канааттандырылган эмес. Бүгүн облустук сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

"Биз соттон Жапаровдун мөөнөтүн үч жыл төрт айга кыскартып, шарттуу түрдө бошотулушун сураганбыз. ЖАМК жаңы кодекстерге ылайык Жапаровдун иши өзгөчө оордон оор кылмыштарга алмашып, 2014-жылдын 27-январында чыккан "Мунапыс жөнүндөгү" мыйзамды колдонууну сунуштаган. Бирок Аламүдүн райондук соту "алты айлык мөөнөт өтүп кетти" деген жүйө менен канааттандырган эмес", — деди экс-депутаттын жактоочусу Шарабидин Токтосунов.

Мындан улам жактоочулар биринчи инстанциянын чечимине каршы облустук сотко арыз жазган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотунан видео - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотунан видео
Эскерте кетсек, Садыр Жапаровду 2017-жылы 25-мартта чет өлкөдөн Кыргызстанга кирери менен "Ак-Жол" чек ара бекетинен УКМК кызматкерлери кармаган.

Экс-депутат "2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган" деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген.

Кийинчерээк Жапаровдун адвокаттары анын жаза мөөнөтүн азайтуу өтүнүчү менен кайрылып, сот бир жарым жылга кыскарткан.

Учурда ал Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жазасын өтөп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0