07:45 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Сабактагы окуучу. Архив

Мыйзамсыз басылган окуу китептери. Өкмөт маселени чеччү жобо иштеп чыкты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
98 0 0

"Таза абигат" коомдук бирикмесинин башчысы Анара Дауталиева окуу китептерин мыйзамсыз басып чыгарган басмаканалар салык төлөбөй турганын айтты.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева "Таза табигат" коомдук бирикмесинин башчысы Анара Дауталиева менен жолугуп, өлкөдөгү мыйзамсыз басып чыгарылган окуу китептери боюнча маселени талкуулады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Дауталиева окуу китептерин мыйзамсыз басып чыгарган басмаканалар салык төлөбөй турганын айтты.

"Айрым типографиялар окуу китептерин чыгарууга көп ресурс жумшаган укук ээлеринин уруксаты жок эле китептерди мыйзамсыз чыгарып жатышат. Бул маселе боюнча президентке да кат жазгам, ал өз көзөмөлүнө алган. Мындай жол менен Кыргызстанда окуу китептерин чыгаруу тармагы өнүкпөйт. Аталган басмаканалар салык да төлөшпөйт, бюджетке алардан каражат да түшпөйт", — деди Дауталиева.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева окуу китептерин басып чыгарууда чекилик болбош үчүн атайын жобо иштелип чыкканын айтты.

"Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен бул жаатта атайын жаңы жобо иштелип чыккан. Ага ылайык, окуу китебин баштан-аяк басып чыгарууда автордук укук басмаканаларга берилет. Башкача айтканда, ал басмакана окуу китебин иштеп чыгып, бекитип, тираждап, айтор, болгон милдетти өзүнө алат. Бул чоң жоопкерчилик. Ал эми министрлик катуу талап менен жөн гана буйрутма берет", — деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин катасы менен чыгып кеткен китептер коомдо бир топ талаш-тартыш жараткан. Ал эми Башкы прокуратура ушул китептерди басууда мыйзамсыз түрдө 32 миллион 749 миң сом корогонун аныктап, Билим берүү жана илим министрлигине кылмыш ишин козгогон.

Тема боюнча

Прокуратура: министрлик жараксыз китеп чыгарып, 33 миллион сом чыгым келтирген
Белгилер:
басмакана, окуу китеби, Билим берүү жана илим министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ