Кыргызстандык команда Dota 2 боюнча дүйнөлүк турнирде плей-оффко чыкты

© AFP 2023 / Justin SaglioDOTA боюнча турнир. Архив
DOTA боюнча турнир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин байге фонду 33 миллион долларды түзөт.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Украиналык киберспорттук команда Natus Vincere (Navi) Dota 2 боюнча The International 2019 турниринде плей-оффко чыкты. Бул туурасында команданын сайтында айтылат. 

Тайпада эки кыргызстандык оюнчу Евгений Blizzy Ри менен Бакыт Zayac Эмилжанов бар экендиги белгилүү. 

Турнирдин порталында байге фондусу 33,4 миллион доллар экендиги айтылат. Акча 18 командага алган орундарына жараша бөлүнүп берилет. Катышуучулар эки группага бөлүнгөн. Оюндун жүрүшүндө начар көрсөткүчтө ээ болгондор чыгып кете берет дагы, калгандары плей-оффко чыгат.

Natus Vincere (NaVi) командасы плей-оффтун ылдыйкы бөлүгүнө жетип, жетинчи орунду ээлеген. Алардын атаандашы филиппиндик группа болгон. NaVi соңку оюнда кытайлык тайпага утулуп жогорку бөлүккө илинбей калган. Кийинки мелдеш 20-августта өтмөкчү.

"The International 2019 турниринин негизги баскычы 20-25-август күндөрү өтөт. Мыкты делген 16 катышуучу ири акчалай сыйлык үчүн күч сынашат. Сый акы 15 миллион долларга чукулдайт", — деп айтылат тайпанын сайтында.

Улуттук опера жана балет театрында Dota-2 компьютердик оюнунун турнири - Sputnik Кыргызстан
Опера жана балет театрында өткөн Dota-2 оюну. Тараптардын пикири
Чемпионат Шанхайдагы Mercedes-Benz Arena стадионунда болот.

Кыргызстандыктар NaVi командасына дароо кошула алышкан эмес. 2015-жылы NoLifer5 тайпасы түзүлүп, курамы бир нече ирет өзгөрөт. Бир жылдан кийин түштүккореялык MVP уюму менен келишим түзүшкөн. Беш оюнчунун башын Эмилжанов бириктирип, катарда Ри дагы ойноп турган. 2017-жылы группа тарап, кыргызстандыктар россиялык Vega Squadron клубу менен ойноп, андан кийин NaVi командасына кошулушкан.

Dota 2 оюну 2011-жылы пайда болуп, алгачкы мелдештер уюштурула баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0