09:49 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Унааны эвакуаторго жүктөп жаткан кызматкерлер. Архив

Бишкекте автоунааларды эвакуациялоо жанданды. Көйгөйдүн себеби эмнеде эле

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
302 0 0

Машиналарды эвакуациялоо укугунун айланасындагы сот иштери аягына чыкты. Эми бул кызмат 100 сомго арзандады.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкекти автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо жанданганын Sputnik кабарчысына ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Эвакуаторлор 15-августтан тарта иштей баштады. ЖКККББ тендерден утуп алган "Портал групп" компаниясы менен биргеликте иштөөдө. Буга чейин келишим соттук иштерден улам токтотулган болчу.

"Азыркы тапта шаарда сегиз эвакуатор иштеп жатат. Мурунку келишимди соттун чечими менен калыбына келтирдик", — дешти ЖКККББдан.

Мажбурлап эвакуациялоо 100 сомго арзандап, 1250 сом туруп калды.

Эвакуациянын айланасындагы ызы-чуу

Чыр 2018-жылы чыккан. Башкы прокуратура ЖКККББнын тендердик комиссиясы эвакуациялоо укугуна ээ болгон "Портал групп" компаниясынын кызыкчылыгын көздөөдө деп кине коюп, аталган кызматтын баасын эки эсе жогорулаткан деген маалымат тараган. Кылмыш иши козголуп, Финансы полициясы тартылган. ЖКККББга ири коррупциялык система түзгөн деген айып тагылган. Ошондон тарта шаардагы эвакуаторлор токтоп калган. Иш сотко өтүп, териштирүү иштери көпчүлүккө маалым болгон эмес.

Тема боюнча

Бишкекте эвакуаторго байланыштуу ири кылмыштуу схема аныкталды
Белгилер:
ЖКККББ, унаа, сот, эвакуация

ЭҢ МААНИЛҮҮ