Абактагы жолдошумду же күтөрүмдү, же кетеримди билбейм... Келиндин каты

© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELTБала кармап турган аял. Архив
Бала кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жолдошу түрмөгө түшүп, кайненеси менен жалгыз калган келиндин тагдыры баяндалат.

Саламатсыздарбы? Аты-жөнүмдү айтпай эле психологго кайрылып көрүүнү чечтим.

2018-жылдын декабрь айында жолдошум кокустан адам өлтүрүп алып 15 жылдан ашык убакытка эркинен ажырады. Бул биздин үй-бүлө үчүн чоң трагедия болду. Экөөбүздүн турмуш курганыбызга төрт эле жыл болгон. Ортодо бир уулубуз бар, азыр ал эки жашка чыкты. Күйөөм 32де, мен 30 жаштамын.

Диванда жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келиниме "көңүлдөш таап ал" деп айтып, эми кайра кыжалатмын. Аялдын каты
Жолдошумдун кылмышын кокустук дешти, бирок ага болбой соттолду. Үйдүн кичүү баласы болгондуктан, кайненем менен турчубуз. Кайнатамдын көзү өткөнүнө көп болуптур. Бир кайнагам, эки кайнежем бар. Уулунун түрмөгө түшүп калышы апабызга да оңой болгон жок. Эми-эми өзүнө келүүдө. Жолдошум абакта калганда эле "неберемди менден ажырата көрбө" деп суранган. Менде деле башында кетип калам деген ой жок болчу. Балким, 15 жылга жетпей эле чыгып калар деп үмүттөндүм. Убакыт өткөн сайын күйөөм жок кичине бала, кайненем менен жашоо кыйын болуп жатат. Болгону ал кишини кыялбайм. Кетип калганымды укса, жолдошум да мени кечирбейт го.

Бирок аны 15 жыл күткөндөн кийин ал таптакыр башкача болуп өзгөрүп келсечи деп корком. Түрмө деген түрмө да, жакшы адамды да өзгөртсө керек...

Мен да күйөөм соттолгондон бери өзүмдү таштап салдым. Санаа мени өлтүрдү. Аны көргөн ата-энем, туугандарым кайгырып, алып кетебиз деп жатышат. Эмне кылышты билбейм. Кетип калсам кайненем кантет? Уулумчу, кийин мага таарынбайбы? Калгым да келбей калды.

Гүлнара Жасоолова, психолог:

--Кат жазган келиндин абалын түшүндүм. Адамдын башына ар кандай сыноо келет, аны ар ким ар кандай көтөрөт.

Бул аялга айтарым, эгер жолдошуңузду чындап жакшы көрүп, үй-бүлөңүздү сактап калам десеңиз, анда аны күтүшүңүз керек. Кайненеңиз менен бирге тура албасаңыз ал кишиге, күйөөңүзгө туура түшүндүрүп, балким, өзүнчө жашап турарсыңар...

Офисная работа - Sputnik Кыргызстан
Башкага башы байланган кесиптешимди сүйүп калдым... Кыздын каты
"Келгенде кандай болуп келет, өзгөрүп, бузулуп келеби?" деген жаман ойлордон алыс болуңуз. Баары эле андай болушу мүмкүн эмес. Адам жаман нерселерди ойлогон сайын ошондой боло берет. Ар ким ар кандай сөз айтышы мүмкүн, бирок анын баарын жүрөккө алып, ишене берген туура эмес. Өзүңүздүн ички туюмуңузга караңыз. Эгер күтө алсаңыз күтүңүз.

"Жок, кыйналып кеттим, өзүмдүн абалым, ден соолугум башкы орунда" десеңиз, ал да сиздин чечим болот. Чечимди психолог да, ата-энеңиз да чыгарбайт, өзүңүз кабыл аласыз.

"Кайненемди кыялбайм" деп жатасыз. Албетте, анын да абалын түшүнүш керек, бирок бул жерде ал негизги себеп боло албайт. Апаңыздын башка балдары деле бар экен, алар карайт, убакыт дарылайт. Уулунан ажырагандар деле жашап жатпайбы.

Бул жерде жолдошуңуз менен болгон мамилеңер биринчи орунда. Бала деле чоңоёт. Эгер ал адам менен өмүр бою чогуу жашайм десеңиз, анда баарына чыдап жашашыңыз керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0