Сапар Исаковдун эмнеси жабыркап ооруканага түшкөнү айтылды

Жазылуу
Исаков 16-августта түштөн кийин ооруканага жаткырылганы маалым болгон.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков омуртка артериясынын симптому менен ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, дарыгерлердин консилиуму болгон.

"Исаковдон омуртка артериясынын симптому (синдром позвоночной артерии) табылган. Мында омуртка артериясы кысылып, мээдеги кан айлануу бузулат. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деп айтылат маалыматта.

Исаков бүгүн, 16-августта, түштөн кийин ооруканага жаткырылганы маалым болгон.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
101 млн. сом... Сапар Исаковго эми Тарых музейи боюнча айып тагылды
Мурдагы премьер-министр УКМКнын убактылуу тергөө абагында болчу.

Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0