Эч жерде каттоосу жок балдарга документ берүү жеңилдейт

© AFP / TOBIAS SCHWARZДетский сад в квартале Гропиусштадт в Берлине
Детский сад в квартале Гропиусштадт в Берлине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 1200дөй баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Өкмөт калкты документтештирүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда. Анын алкагында 2019-жылдын 31-декабрына чейин балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга болот. Бул кампанияны ишке ашыруу деталдары вице-премьер Алтынай Өмүрбекова өткөргөн жыйында талкууланганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Учурда 1200дөй баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Өмүрбекованын айтымында, өкмөт тарабынан БУУнун Балдар фондусу менен биргеликте пландаштырылган бул кампаниянын максаты - өлкөдө "көрүнбөгөн", документсиз балдардын болушуна жол бербөө болуп саналат.

"Балдарга документ берүү темасы дагы бир маанилүү маселени алып чыгат. Көпчүлүк учурда ата-энелердин өздөрүнүн документи же паспорту жок, демек, алар балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышпайт. Кыргызстандын Эреже бузуу жөнүндө кодексинин 275-беренеси ("Баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөттөрүн бузуу") бар. Бул мөөнөттү бузганы үчүн эскертүү берилип, же 1000 сом өлчөмүндө айып салынат. Айрым ата-энелер айып пул үчүн балдарына документ алууну создуктурушат, бул өз кезегинде балдар үчүн бир катар көйгөйлөрдү жаратат", — деди вице-премьер.

Өмүрбекова Юстиция министрлигине 275-беренени кодекстен алып салуу мүмкүндүгүн кароону сунуштады. Анткени ата-энелер балдарын бала бакчага орноштуруу, жөлөк пул алуу үчүн документ алууга кызыкдар.

Челябинск облусундагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Зыйна Бакирова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бакирова: чет өлкөдөгү кыргыз балдар эне тилин унутпаса дейбиз
Ошону менен бирге Саламаттык сактоо министрлигине төрөт үйлөрүнө кош бойлуу аял документи жок түшсө, ал тууралуу маалыматты базадан табуу жана ыкчам түрдө балага документтерди даярдоо үчүн тиешелүү органдарга маалымат берүү тапшырылды. Бул үчүн "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун колдонууга болот.

Кеңешмеде билдиргендей, жакын арада ведомстволор аралык мобилдик топ балдарга документ берүү иштерин жүргүзөт.

Ал эми Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери балдарга документтерди жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жана айып салуусуз алууга болору тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0