Бишкекте аскердик учактар абага көтөрүлдү. Күбөнүн видеосу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАскердик учактар. Архив
Аскердик учактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбө борбор калаанын батыш тарабында аскердик учактар учуп жүргөнүн видеого тартып алган.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабында аскердик учактар учуп жүрөт. Бул тууралуу күбө билдирип, WhatsApp-каналына видеосун жөнөттү.

Окурман бул эмне менен байланыштуу экени сураган.

Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн маалымат кызматы бүгүн, 16-августта, "Фрунзе-1" аэродромунда аба парады жана авиациялык техникаларды кароо өткөнүн маалымдады. Мындай иш-чара Авиация күнүнүн 60 жылдыгына карата уюштурулган.

"Жарандык жеңил авиация, МИ-8 МТ Ан-26 тик учагы, россиялык Су-25 абага көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чара саат 12.00дөн 13.00гө чейин болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0