Сапар Исаков ооруканада калтырылды

Жазылуу
Исаковду бүгүн тергөө абагына алып кетишпейт.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Сапар Исаков ооруканада калтырылды. Бул тууралуу мурдагы өкмөт башчынын экинчи жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн аны тергөө абагына алып кетишпейт.

"Сапар Исаков ооруканада калды", — деди Токтакунов.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык экенин белгиледи.

"Сапар Исаков вертебробазилярдык жетишпестик диагнозу менен (моюндун муундары кысылып, баш айланууга алып келет) Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө келип түшкөн. Абалы канааттандырарлык. Томография инсульттун белгилерин аныктаган жок", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков "омуртка артериясынын симптому" деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковдун жубайы Малика: экөөбүз тең жолугушууну күн санап күтөбүз
Экс-премьер-министр УКМКнын убактылуу тергөө абагында болчу.

Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0