17:40 19 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Раиса Атамбаеванын уулу Кадыр менен

Раиса Атамбаеванын уулу Кадыр менен УКМКга келген видеосу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (31)
251910

Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралат.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Раиса Атамбаева уулу Кадыр Атамбаев менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдына келди. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы УКМКда каралат. Буга чейин процесс Бишкек шаардык сотунда болору айтылган эле.

Видеодон Раиса Атамбаев менен Кадыр Атамбаевдин УКМК имаратынын алдында чогулгандар менен сүйлөшүп турганын көрүүгө болот.

7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Айрым автоунаалар өрттөлүп, кээ бирлерин таш менен талкалашкан. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Андан соң "Ала-Тоо" аянтына жүздөгөн адам чогулуп, массалык башаламандык уюштурган. Аларды күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ жана катуу үн чыгаруучу каражаттарды колдонуп тараткан

Кийин Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Атамбаевге жалпысынан 14 айып тагылууда.

Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (31)

Тема боюнча

Раиса Атамбаева уулу менен УКМКга келди. Сүрөт
Аида Салянова үй камагына кантип чыкканын айтты
Белгилер:
Кадыр Атамбаев, Раиса Атамбаева, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ