Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы УКМКда каралмай болду

Жазылуу
Атамбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 16-августта, Бишкек шаардык сотунда каралмак.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте каралмай болду. Бул тууралуу анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Айта кетчү жагдай, азырынча бул маалыматты ИИМ да, УКМК да тастыктай элек.

Эске салсак, Атамбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 16-августта, Бишкек шаардык сотунда каралмак.

Неформальная встреча В.Путина с лидерами ряда стран СНГ - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин камерадагы шарты менен абалы айтылды
Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Айрым автоунаалар өрттөлүп, кээ бирлерин таш менен талкалашкан. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Андан соң "Ала-Тоо" аянтына жүздөгөн адам чогулуп, массалык башаламандык уюштурган. Аларды күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ жана катуу үн чыгаруучу каражаттарды колдонуп тараткан.

Кийин Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Атамбаевге жалпысынан 14 айып тагылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0