Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркаган аскерлердин абалы айтылды

© Фото / пресс-служба ГПС КРЛечение пограничников, получившие огнестрельные ранения во время инцидента на кыргызско-таджикском границе
Лечение пограничников, получившие огнестрельные ранения во время инцидента на кыргызско-таджикском границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда төрт аскер дарылануудан өтүп жатат.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 22-23-июлда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон чыр-чатак учурунда жаракат алган чек арачылар менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Билдирмеге караганда, төрт жоокер Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Беш-Күнгөй айылындагы аскердик госпиталда дарыланып жатат. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара ыйгарым укуктуу өкүлү - жарандык кызматкер Ысык-Ата районундагы санаторийде дарыланууда. Учурда алардын абалы канааттандырарлык.

"Ведомствонун башчысы ар бир аскер кызматкери менен маектешип, милдеттерин кынтыксыз аткаргандыктары үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Эч ким телефон колдонбойт, TV көрбөйт! - Sputnik Кыргызстан
Эч ким телефон колдонбойт, TV көрбөйт! Табышмактуу кыргыз кыштагынан кызык баян
Эске салсак, 22-июлда Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган болчу.

Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0