15:03 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Аймактардагы аэропорттордун ишинин жанданышы биримдикти бекемдеп, туризм тармагынын өнүгүшүнө негиз болот

Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
578 0 0

Аэропорт 1979-жылы салынып, 25 жыл иштеген. 2004-жылдан бери кызмат көрсөтпөй калган.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Аймактардагы аэропорттордун ишинин жанданышы биримдикти бекемдеп, туризм тармагынын өнүгүшүнө негиз болот. Өкмөт буга болгон күч-аракетин жумшоодо. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аксы районунун Кербен шаарындагы аэропорттун жаңы имараты менен таанышуу маалында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

  • Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев во время осмотра нового здания аэропорта в городе Кербен Аксыйского района.
    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аксы районунун Кербен шаарындагы аэропорттун жаңы имараты менен таанышты
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Новое здание аэропорта в городе Кербен Аксыйского района.
    "Кербен" аэропорту 1979-жылы салынып, 25 жыл иштеген. Аба майдан 2004-жылдан бери кызмат көрсөтпөй калган.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Посадочная площадка нового здания аэропорта в городе Кербен Аксыйского района.
    2018-2019-жылдары аэропорт 10 миллион сомго оңдоп-түзөлдү.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аксы районунун Кербен шаарындагы аэропорттун жаңы имараты менен таанышты

"Учурда биздин жарандарыбыз барчу жерине учак менен жетүүнү артык көрөт. Анткени алар тез жана ыңгайлуу шартта жетет", — деди ал.

"Кербен" аэропорту 1979-жылы салынып, 25 жыл иштеген. Аба майдан 2004-жылдан бери кызмат көрсөтпөй калган.

Манас эл аралык аэропорту Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саммитине келе турган делегацияларды кабыл алууга толук даяр
© Фото / пресс-служба ОАО "Международный аэропорт "Манас"
2018-2019-жылдары аэропорт 10 миллион сомго оңдоп-түзөлдү. Тагыраак айтканда, аэробекет, учуп-конуучу тилке оңдолду. Учурда аба майдан учактарды кабыл алууга даяр.

Андан соң өкмөт башчы Кербен шаарынын оңдолуп жаткан ички жолдору менен таанышты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун маалыматына караганда, Кербен шаарынын 13 чакырым ички жолун оңдоого республикалык бюджеттен акча бөлүнгөн. Учурда анын 8 чакырымында ремонт иштери бүттү.

Тема боюнча

Көлөмү таң калтырат! Пекинде дүйнөдөгү эң чоң аэропорт курулду. Видео
Билбесе эмне кылсын... Биринчи жолу учакка түшкөн кыздын күлкүлүү видеосу
Белгилер:
оңдоо, Мухаммедкалый Абылгазиев, аэропорт, өкмөт

ЭҢ МААНИЛҮҮ