Кыргызстандык зыяратчылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү

© AFP / FETHI BELAIDМеккедеги Масджид аль-Харам мечити. Архив
Меккедеги Масджид аль-Харам мечити. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зыяратчылар 17-августтан 1-сентябрга чейин Жидда — Бишкек, Жидда — Ош жана Медина — Ош багыттары боюнча өлкөгө кайтышат.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандык зыяратчылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, ажылар Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына келишкен. Зыяратчылар 17-августтан 1-сентябрга чейин Жидда — Бишкек, Жидда — Ош жана Медина — Ош багыттары боюнча өлкөгө кайтышат.

Маалыматта ажылык сапар учурунда зыяратчыларга түзүлгөн шарттар да тизмектелген:

— Ыйык Харам мечитинен мейманканага каттап туруучу атайын автобустар уюштурулду. Алар өз иштерин 25-августка чейин улантат;

— Эки маал ысык тамак каралып, ажылыкты туура аткаруу боюнча атайын сабактар өтүлдү;

— Ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү менен Сауд Аравиянын Ажылык министрлигинин өкүлдөрү тарабынан коопсуздук эрежелери боюнча атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү;

— Ажы башчыларга кызмат көрсөтүү, коопсуздук жаатында окутууларды өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү;

— Арафат өрөөнүндөгү чатырлар жаңыланып, заманбап аба үйлөгүчтөр коюлду;

— Муздалифа өрөөнүндө ажылар үчүн атайын килемдер төшөлдү;

— Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарындагы ажылардан кабар алып, аларга ажылык боюнча баяндама жасады;

— КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген 16 дарыгер 24 саат иш алып барды;

— Мекке шаарында кыргызстандык ажылардын ден соолугун көзөмөлдөп туруу үчүн атайын үч медициналык пункт иш алып барып, эки тез жардам унаасы иштеди.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Аравия Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0