Иш үстүндө куш уйку салуу үчүн жетекчинин тилин кантип табыш керек?

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүОфис кызматкери. Архив
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматкердин айтымында, компания диндар жумушчуларга намаз окуу үчүн убакыт бөлүп берет.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Reddit порталынын колдонуучусу күндүз иш учурунда кантип куш уйку салып жүргөнүн айтып берди.

Известный актер Алайбек Тойчубеков - Sputnik Кыргызстан
Бизнесмендер тапчу айлыкты бир күндө табам. Россиядагы актер Тойчубеков менен маек
Анын айтымында, ал иштеген компания диндар кызматкерлерге намаз окуу үчүн убакыт бөлүп берет. Бул мүмкүнчүлүктөн көптөгөн кызматкерлер колдонот. Алар күн ичинде кеңседен 2-3 жолу чыгып, он мүнөттөн сыйынышат. Бирок ага түштөнүү учурундагы убактысын коротушпайт.

Кызматкер эч кандай динди тутунбагандыктан башкаларга каралган мүмкүнчүлүктөн колдоно албай келген. Андыктан жетекчилигинен медитация үчүн убакыт сураган, башында баш тартышканы менен кийин макул болушкан.

"Алты айдан бери компаниянын бакчасында медитация кылууга жарым саат убактым болду", — деп жазат ал.

Анын окуясынан кийин башка кызматкерлер да медитация үчүн убакыт сурай башташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0