05:45 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Сары-Челек коругунун кызматкерлери өз каражатына ашар жолу менен жол оңдошту

Сары-Челек коругунда иштегендер ашар жолу менен жолун оңдошту. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
Коом
Кыскача шилтеме алуу
294 0 0

Учурда ремонт иштери толугу менен бүттү.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Сары-Челек коругунун кызматкерлери өз каражатына ашар жолу менен жол оңдошту. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

  • Сотрудники государственного природного заповедника Сары-Челек методом ашара полностью отремонтировали 3 км внутренней дороги села Аркыт
    "Сары-Челек" коругунун кызматкерлери өз каражатына ашар жолу менен жол оңдошту
    © Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
  • Сотрудники государственного природного заповедника Сары-Челек методом ашара полностью отремонтировали 3 км внутренней дороги села Аркыт
    Билдирмеге ылайык, корук кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы Аркыт айылынын ичиндеги үч чакырым жолду жана Сары-Челек көлүнө алып барган 15 чакырым жолду ашар жолу менен оңдошкон
    © Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
  • Сотрудники государственного природного заповедника Сары-Челек методом ашара полностью отремонтировали 3 км внутренней дороги села Аркыт
    Сары-Челек биосфералык коругу — Чаткал, Ат-Ойнок кырка тоосунда жайгашкан
    © Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
  • Сотрудники государственного природного заповедника Сары-Челек методом ашара полностью отремонтировали 3 км внутренней дороги села Аркыт
    Коруктун негизги милдети — уникалдуу жаңгак токой комплексин, кооз көлдүн тегерегиндеги кайталангыс ландшафтты сактоо жана изилдөө.
    © Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
"Сары-Челек" коругунун кызматкерлери өз каражатына ашар жолу менен жол оңдошту

Билдирмеге ылайык, корук кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы Аркыт айылынын ичиндеги үч чакырым жолду жана Сары-Челек көлүнө алып барган 15 чакырым жолду ашар жолу менен оңдошкон.

"Жол түздөлүп, шагыл себилди. Учурда ремонт иштери толугу менен бүттү. Мындан тышкары, "Сары-Челек" жаратылыш паркынын жетекчилигинин демилгеси менен Аркыт жана Кызыл-Туу айылдарынын 300дөй тургуну бекер медициналык текшерүүдөн өтүштү", — деп жазылат маалыматта.

Сары-Челек биосфералык коругу — Чаткал, Ат-Ойнок кырка тоосунда жайгашкан.

Ход строительства объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Коруктун негизги милдети — уникалдуу жаңгак токой комплексин, кооз көлдүн тегерегиндеги кайталангыс ландшафтты сактоо жана изилдөө.

2016-жылы 17-июлда Сары-Челек жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Аянты 23,8 миң чарчы метр, анын ичинен көлдүн аянты 492 чарчы метрди түзөт. Коруктан миңге чукул өсүмдүктөрдүн, 40тан ашуун жаныбардын, 150дөн ашык канаттуунун түрлөрүн кезиктирүүгө болот. Ири жаныбарлардын арасынан илбирс, бугу, карышкыр, түлкү, аюу, кашкулак аталган аймакты байырлайт.

Тема боюнча

Сары-Челек көлүндө скутер менен моторлуу кайыктарга тыюу салынды
Сары-Челектин мындай сүрөттөрүн көрө элек болчусуз! Көз талдырган жети сүрөт
Белгилер:
ашар, жол, ремонт, корук, Сары-Челек, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ