Атамбаевдин камерадагы шарты менен абалы айтылды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүНеформальная встреча В.Путина с лидерами ряда стран СНГ
Неформальная встреча В.Путина с лидерами ряда стран СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев камерадагы жарыкты түндө өчүрүп коюуну суранган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыйноолорго каршы күрөшүү борборунун директору Нурдин Сулайманов менен борбордун Чүй облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Мирлан Жакыпов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кандай шартта кармалып жатканынан кабар алган. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.

Ага ылайык, Атамбаев эки орундуу камерада жалгыз кармалып турат. Жолугушуу учурунда Атамбаев тергөө абагынын жетекчилиги жана тергөө органдарынын мамилесине эч кандай доосу жок экенин айткан. Ал ошондой эле шарты канааттандырарлык экенин, кызматкерлер жакшы мамиле кылып жатканын белгилеген. Андан сырткары, күнүнө үч ирет дарыгерлер келип карап жатканын билдирген.

Опумбаев операциянын планын Атамбаевге кимдер жеткирип турганын айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Опумбаев операциянын планын Атамбаевге кимдер жеткирип турганын айтты. Видео
Аны менен катар түндө камерадагы жарыкты өчүрүп коюуну жана эшикти жакшылап жабуусун суранган.

Кыйноолорго каршы күрөшүү борбору УКМКнын жетекчилигине кайрылып, Атамбаевдин өтүнүчтөрүн мекеменин эрежелерине ылайык орундатууну сунуштады.

Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Айрым автоунаалар өрттөлүп, кээ бирлерин таш менен талкалашкан. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Андан соң "Ала-Тоо" аянтына жүздөгөн адам чогулуп, массалык башаламандык уюштурган. Аларды күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ жана катуу үн чыгаруучу каражаттарды колдонуп тараткан.

Кийин Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0