Күч органдары Кундуз Жолдубаеванын үйүн тинтип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековАлмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева. Архив
Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү тинтүү иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын үйүн Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү тинтип жатат. Бул тууралуу Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдары анын үйүн ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча тинтип жатат.

Белгилей кетсек, Кундуз Жолдубаева 9-августта ИИМдин тергөө кызматына адамды барымтага алуу иши боюнча күбө катары сурак берип чыккан болчу.

Бүгүн, 14-августта, ал Аскер прокуратурасына сурак берүү үчүн чакырылган. Башкы прокуратура Асановго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүү Аскер прокуратурасына тапшырылган.

Министр внутренних дел Кашкар Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: Курсан Асанов Кашкар Жунушалиевдин тилин албай койгон
Башкы прокуратуранын билдиришинче, Курсан Асанов 7-8-августта ички иштер министринин талаптарына жана буйругуна бир нече ирет баш ийбей жана укугу жок болсо да министрдин макулдугусуз өз алдынча чечим кабыл алган. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жеке курамын башкаруусуз калтырган деп айыпталууда.

Эске салсак, Асанов 13-августта "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу.

Өз кезегинде Асанов кызматтан алынганы боюнча өзүнүн пикирин билдирип, мамлекеттин, өзүнүн намысы алдында таза экенин айткан.

7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0