Бишкектеги №6 автобустун каттамы узартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековГорожане ждут транспорт на одной из остановок в Бишкеке. Архивное фото
Горожане ждут транспорт на одной из остановок в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган автобус Ак-Ордо конушунан Көк-Жарга чейин каттачу.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Тургундардын суранычы боюнча №6 автобустун каттамы Туңгуч кичи районуна чейин узартылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

"Мындан ары №6 автобус Көк-Жар конушунан баштап Достоевский көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин барып Туңгучка жетет", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган автобус Ак-Ордо конушунан Көк-Жарга чейин каттачу.

Жаңылыктар түрмөгү
0