11:52 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
УКМК кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (145)
2763 0 0

Акчалай жардамдан тышкары УКМК жоокердин үй-бүлөсүнө балдары эрезеге жеткенге дейре көмөк көрсөтмөкчү.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза тапкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын даярдыктагы жоокери Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө кандай жардам бериле турганын мекеменин башчысы Орозбек Опумбаев маалымат жыйында айтты.

Ниязбеков атайын даярдыктагы бөлүктүн жетекчисинин орун басары болчу.

"Мен аны "Эрдик" мамлекеттик сыйлыгына көрсөтөм, көптөгөн кызматкерлер дагы көрсөтүлөт. "Улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, Үсөндүн үй-бүлөсүнө 10 жылдык айлыгы эки жүз эсе көбөйтүлүп төлөнүп берилет. Анын үй-бүлөсүнө жардам берип, балдарынын жетилишине да көмөк көрсөтөбүз, бул биздин милдет", — деди Опумбаев.

Ниязбеков кызмат өтөп жүргөн маалда "Эрдик" төш белгисине ээ болгон. Андан тышкары, бир нече мамлекеттик жана мекеменин сыйлыктарын алган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

"Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, бир эле киши бир эле мамлекеттик сыйлык менен эки жолу сыйланбайт. "Эрдик" медалы киши каза болгондон кийин кызматтын аткарып жаткан учурда жасаган эрдиги, жеңиши үчүн берилет.

7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө басып кирүү учурунда Ниязбеков көкүрөк тушка ок жеп каза болгон. 8-августта мурдагы президент багынып берип суракка алып келинген. Ушул эле күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтары делгендер "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, аларды укук коргоо органдары күч менен кубалап тараткан. Эки күндөгү чыр-чатактан жалпысынан 136 киши ар кандай жаракаттарды алган

Ал эми Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (145)

Тема боюнча

Кой-Ташта аялдарды тээп, жаткыра чапкан милиционер. ИИМдин жообу видеодо
Кой-Таштагы окуя: камакка алынгандар менен суракка чакырылгандардын тизмеси
Кой-Таштагы чыр: абакта жатып алып аткаминерлерди алдаган киши табылды
Белгилер:
Орозбек Опумбаев, жөлөк пул, УКМК

ЭҢ МААНИЛҮҮ