Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду

© пресс-служба мэрии города БишкекПланерка мэра Азиза Суракматова в мэрии Бишкека
Планерка мэра Азиза Суракматова в мэрии Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кой-Таштагы окуяда 30 автобус талкаланып, бирөө такыр жарактан чыгып калган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Мэр Азиз Суракматов укук коргоо органдарына жана шаардык ишканаларга башаламандык учурунда көрсөткөн кызматы үчүн ыраазычылык билдирген.

"7-9-август күндөрү мэрдин тапшырмасы менен укук коргоо органдарына 70 эл ташуучу автобус берилген. Тилекке каршы, анын 30унун терезеси талкаланган. Ал эми бир автобус такыр жарактан чыгып калды. Алдын ала божомол боюнча, автобустарды оңдоого эки миллион сом керектелет. Күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго азайып, 60 айдоочу убактылуу жумушсуз отурат. Ошондой эле калаа башчысы жетиштүү деңгээлде иш аткарбаган жетекчилердин жоопкерчилиги да карала турганын эскертти", — деп айтылат маалыматта.

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү талап-тонолдубу? Милиция маалымат таратты
Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Айрым автоунаалар өрттөлүп, кээ бирлерин таш менен талкалашкан. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Андан соң "Ала-Тоо" аянтына жүздөгөн адам чогулуп, массалык башаламандык уюштурган. Аларды күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ жана катуу үн чыгаруучу каражаттарды колдонуп тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0