Токмокто 57 млн. сомго төрөт үйү курула баштады

© Фото / пресс-служба Минздрава КРЦеремония начала строительства акушерско-гинекологического отделения Токмокской территориальной больницы
Церемония начала строительства  акушерско-гинекологического отделения Токмокской территориальной больницы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш иштерин келерки жылдын апрель айында бүткөрүү пландалды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Токмок аймактык ооруканасына акушер-гинекологиялык бөлүмүнүн имараты курула баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Курулуш иштерин баштоого арналган иш-чарага аткаминерлер дагы катышты.

"Жаңы эки кабаттуу корпус бардык заманбап талаптарга жооп бергидей болот. Анда ыңгайлуу палаталар, үч төрөт залы, операция жасалчу бөлмө, жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн интенсивдүү терапия палатасы жана медицина кызматкерлери үчүн бөлмөлөр жайгашат", — деп айтылат маалыматта.

Курулуш иштерине 57 миллион сом сарпталары айтылды. Долбоор Кувейт кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда. Курулуш иштерин келерки жылдын апрель айында бүткөрүү пландалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0