ТИМ: Японияда кыргызстандык мигранттарга муктаждык жаралды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүГород Токио. Япония
Город Токио. Япония - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн префектураларынын биринде кызмат көрсөтүү тармагында жумушчулардын жетишсиздиги байкалган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Япония Кыргызстандан аталган өлкөгө барчу мигранттардын санын көбөйтүүнү өтүнүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

7-9-августта Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Окинава префектурасына барып келген. Ал жергиликтүү бийлик, иммиграциялык органдардын, Туризм департаментинин өкүлдөрү жана кыргызстандыктар иштеген мейманканалардын жетекчилери менен жолугушкан.

"Бийлик өкүлдөрү 1,4 миллион эли бар Окинавага жыл сайын 10 миллион турист келерин айтты. Кызмат көрсөтүү тармагына жумушчулар жетишпегендиктен Япония кыргыз бийлигинен эмгек ресурсун даярдап берүүнү өтүндү", — деп айтылат маалыматта.

Ал арада депутаттар Кыргызстанга келген мигранттардан жылына 8 миллион сом пайда көрүү жолун көрсөтүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0