Кой-Таштын тургундары үйлөрүнө кире албай жатабы? Милициянын жообу

Жазылуу
Министрлик 7-8-августта болгон окуяларды тергөө адилеттүү жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт деп ишендирди.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлиги "Кой-Таш айылынын тургундары үйүнө кире албай, жаракат алган жергиликтүү тургундар ооруканага кайрыла албай өз алдынча дарыланып жатат" деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Андан сырткары, айылдыктардын баарын кармап, акча талап кылып, коркутуп-үргүтүп жатат деген маалыматтарды да төгүнгө чыгарды.

Министрлик ошондой эле 7-8-августта болгон окуяларды тергөө адилеттүү жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт деп ишендирди.

"Маалымат агенттиктери менен социалдык тармактарга жарыяланган фото, видео материалдар иликтенип жатат. Мыйзам бузуу боюнча ачылган кылмыш иштери калыс тергелерин баса белгилейбиз", — деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо органдары өз ишин мыйзам алкагында аткарганын жана жарандардан коркутуп акча талап кылуу болбогонун белгилейт. Эгер милиция тарабынан ушундай мамилеге кабылгандар болсо ИИМ менен Башкы прокуратурага кайрылууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0