Айдоочулардын эсине! Бишкектеги Киев көчөсү убактылуу эки тараптуу болот

© Sputnik / Эмиль СадыровЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттамдардын өзгөрүшү жолдордогу оңдоо иштерине байланыштуу.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бүгүн, 13-августтан тарта, Москва көчөсүнүн Манас менен Жаш гвардия проспектилерине чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери башталгандыктан айрым каттамдардын багыты өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, ремонт иштери 28-августка чейин созулат.

"Автомобилдик транспорт үчүн Киев көчөсүнүн Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейинки бөлүгү айдын аягына чейин эки тараптуу болуп өзгөрөт", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, үч троллейбустун каттамы дагы убактылуу алмашты.

Троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте үч троллейбус каттамын өзгөртөт
"№6 троллейбустун каттамы Асанбай кичи районуна чейин узартылды, №4 жана №8 троллейбустар Киев көчөсү менен жүрөт. Ал эми №9 менен №10 троллейбустар 28-августтан тарта иштей баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча, №102, №110, №195, №204, №213, №222, №265 №265, №266, №269 жана №295 маршруткалар Чүй проспектиси жана Киев көчөсү менен жүрүшү мүмкүн. Учурда каттамдарды так аныктоо боюнча фирмалар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0