11:45 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944

Көлдөгү ак чардактар жер котордубу? Токой чарба агенттигинин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Игорь Онучин
Коом
Кыскача шилтеме алуу
96 0 0

Агенттиктин кызматкерлери мониторинг жүргүзүп, канаттуулардын бар-жогун аныкташкан.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги «Ысык-Көлдү байырлаган ак чардактарга жем жетпегендиктен баары башка жакка учуп кетти» деген маалымат чындыкка дал келбейт деген билдирүү таратты.

Аталган агенттик азыркы тапта Көлдө ак чардактын беш түрү бар экенин белгилеп, тынчсызданууга негиз жоктугун эскертти.

"Агенттиктин кызматкерлери мониторинг жүргүзүп, канаттуулардын саны адаттагыдай эле болгонун, жеми да жетиштүү экенин аныкташты. Ак чардактардын жер которуп кетишине себеп жок. Алар сууда, кургакта, жээктерде, көлмөлөрдө, көлчүктөрдө жана эгин талааларына барып азыктанышат. Сууда аңчылыкка чыкканда планктондон тарта балыкка чейин кармайт. Көбү таштанды таштоочу жайлардагы азык-түлүктөрдүн калдыгын жейт", — деп айтылат маалыматта.

Ак чардактардын узундугу 25тен 100 сантиметрге чейин, салмагы 100 граммдан 2 килограммга чейин болору айтылат. Эң чоңу, деңиз ак чардагынын салмагы эки килограмм, узундугу 79 сантиметр, канатынын узундугу 176 сантиметрди түзөт.

Тема боюнча

Шумкарлардын үй-бүлөсүнүн укмуш окуясы. Видео
Ысык-Көлдүн жана Төө-Ашуунун кооздугун алаканга салган видео
Белгилер:
ак чардак, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, жем-чөп, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ