Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү талап-тонолдубу? Милиция маалымат таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековАлмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү
Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Аламүдүн районунун жогору жагында абал тынч, толук милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Жарадар аскерди жаалданган элден сууруп чыгып... Кой-Таштан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таштагы жаалданган элдин ичинен уулун таппай... Жүрөк тилген видеорепортаж
Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган.

Милициянын маалыматында айрым ЖМКлар Атамбаевдин үйүндө мародёрлук катталганын жазып чыгышканы айтылат. Укук коргоо органдары мындай кабар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

"Учурда мародёрлук фактылары катталган эмес. Башка дагы мыйзамсыз аракеттер болгон жок. Коомдук тартипке милиция кызматкерлери көз салууда", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди Биринчи Май райондук соту 26-августка чейин камакта калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0