Слесарев: Атамбаев УКМКдагы тергөө документтерине кол койгон жок

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев подписал закон "Об обмене кредитной информацией"
Президент Алмазбек Атамбаев подписал закон Об обмене кредитной информацией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адвокат Атамбаевдин маанайы жакшы экенин айтты.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөө документтерине кол койгон жок. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармап, УКМКнын убактылуу тергөө абагына 26-августка чейин киргизилген

Слесаревдин айтымында, ал Атамбаев менен саат 1.00дө сүйлөшө алган. Андан соң тергөө иштери башталган.

"Ага сурактын протоколу, ишеним кат тууралуу токтом сыяктуу документтерге кол коюуну сунуш кылышты, бирок ал бир дагы кагазга кол койгон жок. Ал кой койгонго дагы, койбой койгонго дагы укуктуу. Атамбаевге карата мыйзамсыз иштер жасалып жатканын эске алганда, ал туура эле кылды", — деди Слесарев.

Ошондой эле, адвокат Атамбаевдин маанайы жакшы экенин кошумчалады.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 98 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0