Курсан Асанов Атамбаевдин үйүндөгү курал-жаракты кантип өткөрүп алды. Видео

© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoИчки иштер министринин орун басары Курсан Асанов. Архив
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо кызматкерлери ал курал-жарактарды мурдагы президенттин Кой-Таш айылында үйүндөгү операциядан кийин санап алып кеткен.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. ИИМ кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн көп сандаган курал-жарактарды өткөрүп алды.

Видео 8-августта жарыяланып, андан ички иштер министринин орун басары Курсан Асановду көрүүгө болот. Ал Атамбаевдин тарапташтарынан эки тапанча, 13 желим ок атуучу автомат, 35 магазин жана бир снайпердик винтовканы огу менен санап алып кеткен.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев кайсы берене менен шектелип жатат? Соттун түшүндүрмөсү
Укук коргоо кызматкерлери ал курал-жарактарды мурдагы президенттин Кой-Таш айылындагы операциядан кийин алган. Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Атамбаевдин тарапташтары күч колдонуп, спецназдын желим ок аткан 26 куралды, АК74 үлгүсүндөгү 14 автоматты жана 15 тапанчаны ок-дарысы менен тартып алгандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, 8-август күнү Алмазбек Атамбаев ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшүп берүүгө макул болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0