Соцтармакта Өмүрбек Бабанов кайтып келе жатканы айтылууда. Сүрөттөр

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы депутат Өмүрбек Бабанов. Архив
Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга учуп келе жатканы тууралуу маалыматты социалдык тармактагылар таратууда.

Facebook колдонуучусу, журналист Түмөнбай Абдинаби уулу экс-депутаттын аэропорттогу сүрөтүн жарыялады.

Ал эми ошол эле тармактын колдонуучуларынын дагы бири Мурат Соорбеков "Бишкекке карай жол, ал учакка отурду" деген пост жазып, ага Бабановдун самолёттун ичиндеги сүрөтүн кошо тиркеди.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кундуз Жолдубаева бошотулду. Ал кайсы иш боюнча сурак берген?
Бирок ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кийин ал чечиминен баш тартканы тууралуу элге кайрылуу жасаган.

УКМК Бабановго эки кылмыш иши козголгонун эскертти. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.

Ал эми кечээ, 8-августта, УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0