Кундуз Жолдубаева бошотулду. Ал кайсы иш боюнча сурак берген?

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев менен бирге анын бир нече жакын адамдары да кармалган болчу.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева сурак берип чыкты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына өзү билдирди.

Жолдубаева ИИМдин тергөө кызматына адамды барымтага алуу иши боюнча күбө катары сурак бергенин билдирди. Андан соң түнкү саат 2.00 чамасында коё берилген.

Ал эми Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып, 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына калтырылды.

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы тандалды
Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармап, УКМКнын имаратына алып келишкен. Ал эми саат 21.00 чамасында жакындары Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Кыяз Смаилов жана бир жан сакчысы Ички иштер министрлигине алып келинген.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндүк кагылышуудан 98 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков

Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0