Милиция түндө башаламандык уюштургусу келгендерди издеп жатат

© Sputnik / Эркин Алымбеков"Ала-Тоо" аянтындагы ИИМ кызматкерлери
Ала-Тоо аянтындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда башаламандыкты уюштургандарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы өткөн түнү калаада башаламандыкка жол берген жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 9-августка караган түнү милиция кызматкерлери борбор калаанын чок ортосунда чогулган Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын кубалады.

"Алар коомдук тартипти бузуп, жолдорду тосуп, мүлктөрдү талкалап, шаардагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга аракет жасады. Андыктан укук коргоо органдары чогулгандарды таркатууга атайын каражаттарды колдонду", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле министрликтен учурда башаламандык уюштурууга аракет кылгандарды аныктоо жана кармоо иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Мындан тышкары, азыр шаар толугу менен милиция көзөмөлүндө экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0