Жай тургундар Көк-Жарда жол бууп турган милицияны сүрүп чыкты

© Sputnik / Нурис АлымбаевСотрудники МВД поставили кордон по пути к дому Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш.
Сотрудники МВД поставили кордон по пути к дому Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция бир нече аралыкка ары жылды.

БИШКЕК, 8 авг — Sputnik. Жай тургундар Көк-Жар айылында жол бууп турган милицияны сүрүп чыкты. Бул тууралуу күбө окуя болгон жерден билдирди.

Анын айтымында, окуя 18:20лар чамасында болгон.

"Жол ачылды. Милиция ары жылды. Болжол менен 100-150дөй киши турат. Эл милицияга таш ыргытып, алар калкандары менен коргонушту. Кишилер мечиттин жанындагы жолду ээлеп алышты. Милициянын тобу "Ала-Тоо" совхозу тарапка жылды. 7-апрель көчөсүнө киши толуп, Кой-Ташты көздөй бет алышты", — деди ал.

Председатель ГКНБ Орозбек Опумбаев - Sputnik Кыргызстан
УКМК башчысы: эми кадамдар башкача болот, мен ишимди бүтүрүп анан кетем
Бүгүн, 8-августта, саат 16:30дар чамасында Кой-Ташта Атамбаев менен милиция кызматкерлеринин кайтадан кагылышуусу башталганы айтылган. Укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонууда. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары милиционерлер тарапка таш жана бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 50дөн ашык киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0