Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервое заседание Совета по связям с соотечественниками за рубежом
Первое заседание Совета по связям с соотечественниками за рубежом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков 7-августта өзүнүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкек шаарына келген.

Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат Асел Кодуранова көзүнө жаш алып бийликке кайрылды. Видео
7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Анда ок атылып, 15 киши түрдүү жаракаттарды алган. Акыркы маалымат боюнча, алган жараатынан бир жоокердин ооруканада каза болгону белгилүү болду. Өз кезегинде УКМК элге ок чыгарбаганын айтууда.

Ал ортодо Кой-Ташка бараткан жолдо жай тургундар менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кагылышып, бири-бирине таш ыргытышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0