Соцтармакта ызы-чуу! MegaСom абоненттерди жапырт акы алынчу кызматка кошту

© Sputnik / Табылды КадырбековMegaCоm компаниясынын сим картасы. Архив
MegaCоm компаниясынын сим картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюлдук операторду жасаган кадамы үчүн социалдык тармакта жемелеп жатышат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. MegaСom уюлдук оператору абоненттерин акы алынчу кызматка кошту. Алардын бул кылыгын интернет колдонуучулар социалдык тармакта катуу сынга алды.

Буга чейин "Ким чалды?" (Кто звонил?) кызматы бекер болчу. Бирок айрым кардарлар жакындан тарта алардын эсебинен бул кызмат үчүн күн сайын 50 тыйындан алынып баштаганын байкашкан. Бүгүн, 7-августтан тарта, социалдык тармакта бул аракеттер катуу сынга алынууда.

Директор ЗАО Альфа Телеком Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
MegaCom компаниясынын жетекчиси канча айлык аларын айтты
Аталган компаниянын маалымат кызматы Sputnik агенттигинин сурамына мындайча жооп кайтарды: "Кызматтын баасы рынок шартына жана компаниянын көрсөткөн кызматына кеткен чыгымдарга карата белгиленет. Андыктан MegaCom компаниясы "Ким чалды?" кызматына акы алууга аргасыз болду. Өзгөрүүлөр тууралуу 26-июлда компаниянын расмий сайтында маалымдалган".

Кайсы рынок шарттары жана чыгымдар тууралуу сөз болуп жатканын маалымат кызматы тактаган жок.

"Ким чалды?" кызматын өчүрүү үчүн *200*1*0# деп терүү керек.

Facebook тармагынын колдонуучусу Альбина Чалова компаниянын мындай кадамын элди тоногондук катары баалады.

Лена Нечаева аттуу колдонуучу 50 тыйын болбогон эле акча экенин, бирок колдонуучуларга болгон мындай кадам туура эмес экенин белгиледи.

Жылдызбек Керимбаев MegaСom компаниясынын 3 миллион абоненти бар экенин эске алуу менен мындай кызматтан акы алына башташы аларга айына 45 миллион сом киреше алып келе турганын жазды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги MegaСom компаниясынын маалымат кызматына кошумча суроолорду да берген. Бирок ага жооп боло элек. Редакция окуяга көз салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0