Сары-Челек көлүндө скутер менен моторлуу кайыктарга тыюу салынды

© Фото / пресс-служба Госагентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства КРДемонтаж пирса в заповеднике Сары-Челек
Демонтаж пирса в заповеднике Сары-Челек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары көлдөн балык кармоого да болбой турганы айтылат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жаратылышты коргоо максатында Сары-Челек көлүнүн жээгиндеги пирс алынды. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, агенттиктин чечими менен флора менен фаунаны, биологиялык ар түрдүүлүктү жана өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарын сактоо максатында моторлуу кайык, скутерлерде сейилдөөгө жана көлдөн балык кармоого тыюу салынганы айтылат. 

© Фото / пресс-служба Госагентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства КРЖаратылышты коргоо максатында Сары-Челек көлүнүн жээгиндеги пирс алынды
Сары-Челек көлүндө скутер менен моторлуу кайыктарга тыюу салынды - Sputnik Кыргызстан
Жаратылышты коргоо максатында Сары-Челек көлүнүн жээгиндеги пирс алынды

Белгилей кетсек, 2016-жылы 17-июлда Сары-Челек жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Коруктун аянты 23,8 миң чарчы метр, анын ичинен көлдүн аянты 492 чарчы метрди түзөт. Анда 40тай сүт эмүүчү жаныбардын, 175тен ашык канаттуулардын жана балыктын 5 түрүн кезиктирүүгө болот. Ошондой эле өсүмдүктүн 1200дөн ашык түрү бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0