Курман айтта кандай мал союлушу керек? Муфтияттан 6 эреже

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-байрама в регионах России
Празднование Курбан-байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курман айтта бул дүйнөдөн өтүп кеткен адамдарга багыштап куран окуп, жакындар менен айтташ керек. Колдон келсе курмандык чалып, мал союу шарт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Быйыл мусулмандардын ыйык деп саналган Курман айт майрамы 11-августка белгиленди. Орозо айтка караганда Курман айт ири майрам болуп эсептелет. Анткени Курман айтты 30 күнгө чейин белгилесе болот.

Бул күндөрү көптөн бери кабар ала элек туугандардыкына барып ал-абалын сураса, белек тартууласа жакшы болот. Ошондой эле араздашып кеткен тууган, теңтуш же башка адамдардан кечирим сураса сообу көбүрөөк тиет. Орозо айтта курмандык чалынбаса да Курман айтта мал союу шарт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги муфтияттын берген маалыматына таянып, Курман айтта курмандык чалынчу малды кантип туура тандоо керектигин тизмектеди.

Курман айтта кандай малды курмандыкка чалса болот?
Курман айт күнү курмандыкка эркек, ургаачысына карабай төө, уй, кочкор, кой, теке, эчки сойсо болот. Мындан башка малдын түрү курмандыкка жарабайт.

Майда жандык (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Ал эми бодо малды бир же бир нече (эң көбү жети) кишинин атынан да союуга болот. Эгерде чогулган адамдардын арасынан биринин гана ниети курмандык эмес, башка максатта болсо ал кабыл болбой калат.

Ооруган малды союуга болбойт.

Курмандыкка союлган малдын этин толук өзүнө калтырууга да, бардыгын таратып жиберүүгө да болот. Бирок этти үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн кедей-кембагал, муктаждарга, үчүнчү бөлүгүн конок чакырып аларга бышырып берсе деле жакшы.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт.

Курман айтта колдон келсе жетим-жесир, колунда жокторго да жардам бериш керек. Курмандыкка чалынган малдын этинен беришип, таттуу-тарапа тараткан оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0