Милиция Солтон-Сарыдагы азыркы абал тууралуу айтты

Жазылуу
Учурда укук коргоо органдары жергиликтүү бийлик менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Учурда Нарын районунун Солтон-Сары аймагындагы абал милициянын көзөмөлүндө жана коомдук тартипти сактоо боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

5-августта Солтон-Сарыга жергиликтүү 300дөй тургун чогулуп, алтын кенин иштетип жаткан кытай компаниясынын ишин токтотууну талап кылышкан. Кийин кытай компаниясынын жумушчулары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган.

Атчан, жөө-жалаңдап... Нарындагы кытай компаниясына каршы чыккан элдин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Атчан, жөө-жалаңдап... Нарындагы кытай компаниясына каршы чыккан элдин видеосу
Анын кесепетинен жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилди.

Өкмөттөн кабарлашкандай, окуя болгон жерге бүгүн эртең менен биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев чыгып кеткен.

Солтон-Сарыда болгон чыр-чатак Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү тергөө амалдары башталды.

Учурда укук коргоо органдары жергиликтүү бийлик менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Абал туруктуу.

Солтон-Сарыда азыр эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0